Физиев Гэджиге жеңилип калды. Турнирдеги урунттуу учурлардын видеосу

Калыстардын чечими менен беттештин жыйынтыгында Жастин Гэджи жеңүүчү аталды.
Sputnik
19-мартка караган түнү Лондондо UFC 286 турнири өтүп, анда англиялык спортчу Леон Эдвардс менен америкалык Камару Усман чемпиондук наам үчүн беттешти.
Эдвардс атаандашын жеңип, кайрадан UFC уюмунун орто салмактагылар арасындагы чемпиону болуп калды.
Ал эми жеңил салмак арасында Рафаэль Физиев менен Жастин Гэджи күч сынашып, калыстардын чечими менен Гэджи жеңишке жетти. Эң жеңил салмак категориясында Мухаммад Мокаев атаандашы Жафэль Фильону жеңип алды.
UFC турнирдеги кызыктуу учурлардын видеосун жарыялады.