"Тамчы" аэропортунун тосмосунун урашы. Президенттин маалымат катчысы үн катты

Дубалдын калган бөлүгү талапка ылайык бетондолгону белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы "Тамчы" аэропортунун шамалдан улам урап калган тосмосунун чыгымын подрядчы компания мойнуна алат. Бул тууралуу окуя боюнча түшүндүрмө берген президенттин маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Эскерте кетсек, 18-март күнү катуу шамал болуп, аба майдандын тосмо дубалы кулап калган.
Орунбековдун айтымында, аталган аэропорттун айланасын тосуу боюнча "Кыргыз курулуш сервис" ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн. Ал эми катуу шамал бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалын ураткан.
"Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун иретке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат", — деп жазылат билдирүүдө.
Тосмо дубалдын сапаты боюнча "Кыргыз курулуш сервис" ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл алары белгиленди.
Садыр Жапаров “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты