Путиндин Мариуполго болгон сапары жыйынтыкталды

РФ лидери жаңы кичи райондордун, социалдык жана билим берүү объектилеринин, инфраструктуранын жана медициналык жайлардын курулушун талкуулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Мариуполго болгон сапары жыйынтыкталганын Кремлдин маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.
Өлкө башчысы бир нече объектини көрүп, калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан. Президенттин аймакка тик учак менен келип, андан кийин өзү машина айдап райондорду кыдырганы айтылды.
Вице-премьер Марат Хуснуллин мамлекет жетекчисине Мариуполдогу курулуштун жүрүшү тууралуу жана шаарды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берген.
"Кеп жаңы кичи райондордун, социалдык жана билим берүү объектилеринин, инфраструктуранын жана медициналык жайлардын курулушу тууралуу болду", — деп жазылат таратылган билдирүүдө.
"Невский" кичи районунда президент тургундар менен баарлашкан. Мындан тышкары, бир бүлөнүн чакыруусу менен алардын үйүнө да баш багып чыккан.
РФ лидери сапарынын жүрүшүндө бир катар объектилерди көрүп чыкканы айтылды.
"Өзү. Машина менен келди". Путиндин Севастополго сапарын губернатор кабарлады