Кыргызстандын футбол командасынын оюндарын кайдан көрүүгө болору айтылды

Спортчулар келерки жылда өтүүчү Азия биринчилигине даярданып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргыз футбол союзунан Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын сырттагы беттештерин Kyrgyz Sport TV каналы көрсөтөрүн айтышты.
Жолдоштук беттештер Азия кубогунун алкагында Индиянын, Мьянманын командалары менен болот. Импхал (Индия) шаарында боло турган жолдоштук турнир "Үч улуттун кубогу" деп аталат.
Мьянмалык спортчулар менен мекендештер 25-мартта, Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да ойнойт. Индиялыктар менен 28-мартта 18:30да беттешет. Машыктыруучук курам оюнга 23 спортчуну чакырган.
Эске салсак, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тарыхта экинчи жолу турнирдин финалдык бөлүгүнө жетүүдө. Команда биринчи жолу 2019-жылдагы Азия кубогуна катышып, 1/8 финалдык баскычка чейин чыккан.
24 команданы тайпаларга бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак 11-майда Дохада (Катар) өтөт.
Турнир Катарда кийинки жылы, 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин болот. Финалдык бөлүгүнө квалификациядан өткөн 24 алдыңкы команда катышат.
Башында Азия кубогун 2023-жылы Кытайда өткөрүү пландалган, бирок бийлик коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам иш-чараны уюштуруудан баш тарткан. Мындан улам Азия биринчилиги Катарда өтмөй болгон.
Белгилей кетсек, ысык аба ырайына байланыштуу футбол боюнча дүйнө чемпионатын 2022-жылы декабрда өткөрүшкөн. Андыктан Азия кубогу дагы кийинки жылы кышта болмокчу.
Кыргызстан катышат. Футбол боюнча Азия кубогунун убактысы айтылды