Чач учтук, билерик, маржан шуру. Кыргыздын аздек зер буюмдары сүрөттө

Кыргызда зергерчилик жогору бааланып, баалуу металл, асыл таштар менен кооз буюм жасаган кесип ээлери ардактуу болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги улуттук зер буюмдардын сейрек сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Кыргыз аялдарынын кийимин жасалгасыз элестетүү мүмкүн эмес, аларды күнүмдүк турмушта, той-топурда, көчүп-конууда тагынган. Алар көлөмүнө, кооздугуна жараша чачка, төшкө, моюнга, кулакка, колго тагылчулары болуп бөлүнгөн. Бул кооздуктар кыз-келин, байбичелердин кайсы аймакка тиешелүү экенин, социалдык жана үй-бүлөлүк абалын көрсөтүп турган. Алсак, чач учтукту турмушка чыккан келиндер тагынып баштаса, ала тамак сыяктуу маржан шуру секелек кыздарга гана тиешелүү болгон. Ал эми кыздан тарта байбичелердин чапан, чыптамаларына күмүш топчулар, түймө тагылчу. Бир гана алар көлөмү жана жасалгасынан айырмаланган. Ошондой эле баалуу сөйкө, билерик энеден кызга өтүп, аталар кыздарына зергерлерге атайын кооздуктарды жасаткан.
1 / 19

Турмушка узап бараткан кыз кооздолгон шөкүлө кийип турат. Мойнунда маржан шуру жана сөйкө-желбирөөч

2 / 19

XIX кылымдын аягы XX кылымдын башына таандык сөйкө

3 / 19

Сары шуру тагынган сулуу. Мурун кыз балдардын кийимдери шуру, күмүш, седеп топчулар менен кооздолгон

4 / 19

Этнографтар Талас облусунда тапкан XIX-XX кылымдарга таандык билерик

5 / 19

Оймок, түймө, күмүш топчулар менен кооздолгон келиндин чыптамасы жана маржан шуру

6 / 19

Мойнуна ала тамак тагынган өспүрүм. Ала тамак маржан мончоктордон куралып торчо түрүндө жасалат

7 / 19

Эски тыйындар менен жасалган зер буюм. Чүй облусу, XX кылымдын биринчи жарымы

8 / 19

Кыргыз аялдары зергерлердин колунан жаралган түрдүү күмүш шакектерди тагынган. Алар күмүштөн жасалып, айрымдары баалуу таштар менен кооздолгон

9 / 19

Өткөн кылымдын 30-жылдары колдонулган өзгөчө зер буюм

10 / 19

Маржан, күмүш менен шөкөттөлүп жасалган чач учтуктун бир бөлүгү жана күмүш топчулар

11 / 19

Чапанга тагылчу күмүш зер буюм. 1930-жылдар

12 / 19

Сомдук — чач учтуктун бир түрү. Анын мындай түрү чач суюлуп калганда тагылган

13 / 19

Мындай сөйкөнү Кыргызстандын түштүк аймагында тагынышчу

14 / 19

Сөйкө желбирөөч, маржан шуру тагылган ак элечекчен аял

15 / 19

Кемер кур. Кыргыздар. Кыргызстан, Чүй облусу, XX кылымдын биринчи жарымы. Баркыт жана пахта кездемесинен тигилген кемер кур күмүш менен шөкөттөлгөн

16 / 19

Аялдардын зер буюмдары

17 / 19

Маржан менен кооздолгон кыз-келиндердин сөйкөсү

18 / 19

Аял кишинин зер буюмдары: чолпу, көздүү билерик, күмүш топчулар, шакек

19 / 19

"Эл кадырын эл билет, зер кадырын зергер билет". Зергер аксакал небересине өз чеберчилигин үйрөтүүдө

Тема боюнча:
Улуу өнөрдүн учугун улаган чеберлердин мурасы... Кыргыз жыттанган сүрөттөр
Кыргыздардын XIX кылымдагы жашоо-турмушу. Сейрек архивдик сүрөттөр