Кыргызстанда кыргыз-индиялык "Канжар–Х" машыгуусу аяктады. Сүрөт

Кыргызстан менен Индия аскерлеринин биргеликтеги окуу-машыгуулары жыл сайын өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Коргоо министрлигинин атайын багыттагы күчтөрүнүн "Канжар–Х" деп аталган кыргыз-индия машыгуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирип, машыгуудан сүрөттөрдү жарыялады.
1 / 3

Кыргызстанда Коргоо министрлигинин атайын багыттагы күчтөрүнүн "Канжар–Х" деп аталган кыргыз-индия машыгуусу жыйынтыкталды

2 / 3

Биргелешкен машыгуунун планы боюнча, тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыгы, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдык шарттарда аман калуу техникасынын практикалык сабактары өткөрүлгөн

3 / 3

Министрликтен Кыргызстан менен Индиянын коргоо ведомстволорунун ортосундагы атайын багыттагы бөлүмчөлөр менен "Канжар–Х" машыгуусу жыл сайын өтөрүн билдиришти. Былтыркы жылы машыгуу Индияда өткөн.

Биргелешкен машыгуунун планы боюнча, тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыгы, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдык шарттарда аман калуу техникасынын практикалык сабактары өткөрүлгөн.
Министрликтен Кыргызстан менен Индиянын коргоо ведомстволорунун ортосундагы атайын багыттагы бөлүмчөлөр менен "Канжар–Х" машыгуусу жыл сайын өтөрүн билдиришти. Былтыркы жылы машыгуу Индияда өткөн.
Бул жылы аталган окуу-машыгуу Кыргызстанда 9-мартта башталган. Анын максаты — ар кандай кырдаалдарда атайын тапшырмаларды аткарууда эки өлкөнүн бөлүмчөлөрүнүн күжүрмөн ырааттуулугун, өздүк курамдын талаа көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу.
Аскердик кызмат жана келишимдин мөөнөтүн узартуу демилгеси биринчи окуудан өттү