ӨКМ: 20-21-мартта Чүй менен Таласта үшүк жүрүшү мүмкүн

Бул аймактарда абанын температурасы ...0...-2 градус болот деп болжолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 20-21-март күндөрү түнү жана эртең менен Чүй, Талас облустарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жогоруда айтылган күндөр аралыгында Талас менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы ...0...-2 градус болот деп болжолдонууда.
"Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Бир жумага карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу