"Эгин келишими" узартылды. Россияга анын зарылдыгы кандай?

Апта башында РФ Тышкы иштер министрлиги мурдагы шарттар боюнча калтырылган "эгин келишими" 60 күнгө узартылганын жарыялады. Москва Кара деңиздин жээгиндеги украиналык үч порттон азык-түлүктү коопсуз экспорттоого көмөк көрсөтүүнү улантууда.
Sputnik
Ал эми Бириккен Улуттар Уюму Россиядан азык-түлүк жана жер семирткичтерди дүйнөлүк рынокко чыгарууну камсыздоого тийиш. Аталган келишимдин биринчи бөлүгү сегиз айдан бери толук кандуу аткарылып, украиналык дан сыртка эч кандай тоскоолдуксуз чыгарылып келет. Бирок документтин россиялык экспортко тиешелүү экинчи жарымында бир катар көйгөйлөр бар.
Россия бул келишимди эмнеге узартты? Москва анын пайдалуу болорунан эксперттик коомдун басымдуу бөлүгү эмне үчүн шек саноодо? Ушул жана башка соболдорго Sputnik жооп издеп көргөн.

"Эгин келишими": маселенин тарыхы

Россия жана Украина айыл чарба өндүрүмдөрүн экспорттоо жаатында лидерлерден болуп келгени белгилүү. Россия – дүйнөдө буудай менен камсыздоодо алдыңкы, ал эми Украина ушул тизмеде бешинчи сапта.
Бул эки өлкөдөн аталган товарларды ташуу көйгөйлөрү рыноктогу абалды солгундатып, дан эгиндери жана жер семирткичтеринин баасы кескин кымбаттап кетти. Атайын аскердик операция башталгандан кийин Украина азык-түлүктү экспорттоодо (өздөрү мина койгон порттордун айынан) түйшөлүп, ал эми Россия Батыш тараптан болуп көрбөгөндөй санкциялык кысымга кабылууда. Батыш юридикалык жактан россиялык азык-түлүк экспортун чектебегени менен иш жүзүндө каржылык чектөөлөр менен бөгөттөп, европалык портторго кирүүгө, россиялык операторлорго таандык кемелердин жүктөрүнө, аларды камсыздоо, төлөмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салып келет.
Азык-түлүк каатчылыгына байланышкан абалдын кескин начарлап кетишине жол бербөө үчүн дүйнөлүк лидерлер "азык-түлүк маселесин" жөнгө салууга киришти. Батыш жакыр өлкөлөрдүн келечегине тынчсызданганын билдирип, мүмкүн болушунча тез арада бул көйгөйдү чечүүгө үндөдү.
Эске салсак, азык-түлүк каатчылыгы россиялык атайын аскердик операция башталганга чейин эле байкалган. COVID-19 пандемиясынын айынан бүт дүйнө боюнча азык-түлүк менен жабдуу чынжыры жана сатуу каналдары бузулган. Күйүүчү май жана энергетикалык ресурстар ашкере кымбаттап, азык-түлүктүн баасы он жылдан бери боло элек кымбатчылыктын катуу ыргагын көрсөткөн. Ошондой эле кургакчылык жана суу ташкындары Америка менен Европанын негизги айдоо аянттарын жок кылган.
Сүйлөшүүлөрдө ортомчулук вазыйпаны Бириккен Улуттар Уюму менен Түркия алган. Алар менен былтыр 22-июлда эки келишими түзүлгөн. Атап айтканда, "Украина портторунан дан эгиндерин жана азык-түлүктү коопсуз ташуу боюнча демилгеге" эки ортомчудан тышкары Россия менен Украина өз-өзүнчө, ал эми "Дүйнөлүк рынокко россиялык азык-түлүк жана жер семирткичтерди чыгарууга көмөкчү болуу жөнүндөгү РФ менен БУУнун катчылыгынын ортосундагы меморандумга" РФ менен БУУ гана кол койгон.

Макулдашуу талаш-тартышка жол ачып...

Биринчи келишимде Украинадан айыл чарба жүктөрүн ташуу үчүн коопсуз деңиз коридорун уюштуруу каралган. Анын алкагында дан эгиндери украиналык үч, атап айтканда, Одесса, Кара деңиз жана Түштүк портторунан сыртка чыгарылат.
Башында келишим 120 күнгө түзүлгөн, тараптардын дооматтары болбосо ушундай эле мөөнөткө узартылып келген. Акыркы ирет былтыр 17-ноябрда узартылып, кечээ, 18-мартта аяктамак. Бул демилгенин чегинде Кара деңиз аркылуу 1600 каттам жасалып, 24 млн. тонна дан тышка ташылганы маалым.
Украина жана Батыштын үлкөн өлкөлөрүнүн бийлиги "дан макулдашуусуна" кол коюлганча жакыр жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге көмөктөшүү керектигин кайра-кайра кайталашкан эле. Алар азык-түлүк каатчылыгынан жабыр тартып жатышканын, эгер келишим түзүлбөй, Украинадан буудай ташылбай калса, Африкада жапырт ачарчылык каптай турганын көбүртүп-жабыртып айтышкан.
Бирок чындыгында Украинадан экспорттолгон эгиндин дээрлик 65 пайызга жакыны (бүгүнкү күнгө чейинки маалыматтарга ылайык) негизинен беш, атап айтканда, Кытай, Испания, Түркия, Италия жана Нидерландыга жөнөтүлгөн. Февраль айында эле австриялык Express басылмасы украиналык буудайдын көп бөлүгү Африкадагы ачкалыктан азап чеккендердин ордуна испаниялык чочколорго берилгенин кабарлаган.
Ошол эле учурда экинчи документтин шарттарынын аткарылышында маселе жаралды. Жогоруда айтылгандай, Бириккен Улуттар Уюму ага ылайык россиялык айыл чарба өндүрүмдөрү жана жер семирткичтерди экспорттоого көмөкчү болмок. РФтен жер семирткичти чыгарууга Балтика өлкөлөрү, Бельгия жана Нидерландынын портторунда (262 миң тоннадан Түштүк Америкадагы Малави мамлекетине 20 миң тонналык салмактагы бир гана партия жөнөтүлгөн) тыюу салынган боюнча турат.
Россиялык айыл чарба өндүрүмдөрү жана жер семирткичтеринин сыртка чыгарылышына банк транзакциялары, камсыздоо, логистика жана каржылык уюмдардын ишмердигиндеги көйгөйлөр жолтоо болуп, дале чечилбей келет. Ал эми Тольятти-Одесса аммиак түтүгү Украинанын позициясынан улам алигүнчө иштебей турат.
18-март – келишимдин мөөнөтү аяктай турган убак жакындап калганда РФ ТИМ башчысынын орун басары Сергей Вершинин билдирүү кылган. Ал Россия макулдашууну узартууда өз өндүрүмдөрүн экспорттоо боюнча документти аткаруунун майнаптуулугуна таянарын белгилеген. Ошону менен бирге эле ал РФ бул Кара деңиз эгин жаатындагы демилгесин узартууга каршы эмес, бирок 60 күнгө гана макул экенин билдирген.
Украина вице-премьери Александр Кубраков буга нааразы болду. Анын айтымында, Россиянын көз карашы былтыр июлда кол коюлган документке каршы келерин, ага ылайык 120 күнгө узартылары каралганын айтты.
Келишимдин россиялык экспорттук маселелери камтылган экинчи бөлүгү аткарылбай, Тольятти-Одесса аммиак түтүгү ачылбай турса да Кубраковдун баамында мурда кол коюлган документтер жаатында эч кандай карама-каршылык жок имиш.
Украинанын инфраструктура министринин орун басары Юрий Васьков Киев келишимди кеминде эле бир жылга узартууну көздөп, ага кошумча портту (Николаев) кошууга ниеттенгенин айтты.
Европа биримдигиндегилер "эгин келишими" документтер топтому эмес экенин, анткени Россиядан жер семирткич жана айыл чарба өндүрүмдөрүн экспорттоого кол кабыш кылуу жөнүндөгү меморандум менен украиналык данды коопсуз ташуу туурасындагы келишимге кол койгондор эки башка экенин белгилешет. Демек, ЕБдин пикиринде 22-июлда кол коюлган макулдашуулар таптакыр эки бөлөк, бири-бирине дегеле тиешеси жок. Экинчиси болбосо, биринчиси да түзүлмөк эмес. Ушул чындыкты, анан да эки документ тең бир күндө, бир жерде кол коюлганын Европа биримдигинин үлкөндөрү көңүлгө түйгүсү жок. Айтор, Батыштын баягы эле так, даана эмес түшүндүрмө оюндары башталды.

Эмне үчүн Россия келишимди узартты?

Россиялык экспортко тиешелүү бөлүгү аткарылбай жатканына байланыштуу Россия бийлиги, эксперттик коомчулугу "эгин демилгеси" жөнүндө кескин сын-пикирлерин айтып келишет. Эмне үчүн анда Москва баары бир бул келишимди узартууга макул болду? Жообу жөпжөнөкөй: Россия да өзүнүн айыл чарба өндүрүмдөрүн сатышы керек.
РФ өзү керектегенден алда канча көп көлөмдө дан эгин өстүрүп, жер семирткич чыгарары ырас. Ошондуктан ага дүйнөлүк рынокто кошумча чектөөлөр орунсуз. Россиянын президенти Владимир Путиндин маалыматына караганда 2022-жылы өлкөсү рекорддук көлөмдөгү дан эгин алган. Мурдагы жылы анын көрсөткүчү 120,7 млн тонна болсо, былтыр 153-155 млн тонна жыйналды.
Мындай рекорд РФтин соңку тарыхында гана эмес, РСФСРдин тушунда да коюлган эмес. Экспорт да рекорддук деңгээлде болору айдан ачык. Мурдагы эң чоң көлөм – 49 миллион тоннанын тегерегинде болгон. РФтин Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянсак, сезон башталгандан тарта (айыл чарба жылы РФте 1-июлдан 30-июнга чейин уланат) Россия 40 миллион тоннага чукул көлөмдө сыртка саткан.
Айыл чарба жылынын жыйынтыгында бул көрсөткүч (бардык инфраструктуралык жана санкциялык чектөөлөрдү кошо эсептегенде) 53-54 миллион тоннаны түзүшү мүмкүн. Бул туурасында "Россиядагы агротренддер 2022-2023" конференциясында РФтеги "Биргелешкен эгин ишканасынын" башкы директору Ксения Боломатова да белгилеген. "Эгер чектөөлөр болбогондо экспорттун көлөмү 60 миллион тоннадан ашмак", — деген эле ал.
Андай көлөмгө жетүү үчүн азыркы геосаясий шарттарда кандай болбосун экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү табуу абзел. "Эгин келишими" бүгүнкү күндө аздыр-көптүр ушуну камсыз кылууда. Ал эми аталган макулдашуудан чыгып кетүү Россия үчүн бул жагдайды жакшырта алары арсар. Россиялык экспортчулардын өз өндүрүмдөрүн ташуу, камсыздоо жана төлөмдөрү жаатындагы ансыз да татаал абалы андай шартта дагы кыйындап кетери турулуу.
АКШдагы 200гө жакын банк банкрот болушу мүмкүн. Иликтөө

Атаандашынан озуп…

Россия өз өндүрүшүн, дан эгиндеринин экспорттук көлөмүн көбөйтүп жатканда Украина түшүмдүн аздыгы жана аны сыртка сатуунун көлөмүнүн төмөндөп кетишине бөгөт боло албай калды. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Украинанын кара деңиздик портторунан дан эгиндеринин экспорту 2022-жылдын июль айынан быйылкы февралга чейинки аралыкта былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге (42,6 млн. тоннадан 19,2 млн. тоннага) түшкөн азайып кеткенин кабарлады.
Жалпысынан бир жыл ичинде РФ дан эгин түшүмүн 33-35 млн. тоннага жогорулата алган. Ал эми экспорттун көлөмү чектөөлөр болбосо 60 млн. тоннага чыгары маалым. “Украиналык семиз жерлердин” баары биригип азыркы айыл чарба жылында ушундай эле көлөмдү, тагыраагы, 65 млн. тонна түшүм берген. Мындай маалыматты Украина дан эгин ассоциациясынын аткаруучу директору Сергей Иващенко жарыялаган.
Айтмакчы, 65 млн. тонна түшүм алуу – Украинанын тарыхында кадыресе көрүнүш. Акыркы он жылда Украина дайым ушундай эле көлөмдө дан эгиндерин жыйнап келген. Ошондуктан согуштук аракеттердин айынан өндүрүш төмөндөп кеткени жөнүндөгү кептер суу кечпейт.
Бүгүнкү күндө Киев коомчулуктун көлөмүн рекорд коюлган айыл чарба жылдагы көрсөткүчтөргө бурдурууга тырышууда. Анда буудай, дан-буурчак – 84, ал эми май алынуучу азыктар менен кошо 106,6 млн. тонна топтолгону маалым.
Россиялык да, украиналык да, эл аралык да эксперттердин баамында Украинанын 2022-календардык жылындагы кирешеси болжол менен эки же андан да көп эсеге түштү. Агроөнөр жай комплексинин өндүрүмдөрүнүн экспортун өнүктүрүү федералдык борборунун (ФГБУ "Агроэкспорт") маалыматына караганда, Россия былтыр дан эгиндерин сыртка сатылышын акчалай эсебинде 15 пайызга жогорулатты.
Айыл чарба жылынын маалыматына таянсак, Москва менен Киевдин кирешесиндеги айырма кыйла чоң болушу күтүлөт. Мындай ажырым жакынкы келечекте улам жогорулап да кете бериши мүмкүн. "ПроЗерно" аналитикалык борборунун директору Владимир Петриченконун жоромолунда 2023-жылы түшүм 38 млн. тоннага чейин төмөндөйт. Андай шартта Россия дүйнөлүк рынокту камсыздоо көлөмүн дагы жогорулата алат.
Айтор, эгиндин наркы кыйла кымбат болуп турганда аны экспорттоодон Россиянын экономикалык, анын ичинде “эгин келишиминин” эсебинен көргөн пайдасы Украина тараптын андан алган кирешесинен бир топ жогору болору бышык. Ушундай эле кырдаал күн карама майын экспорттоо жаатында да байкалат. Эгер 2021/2022 сезонунда глобалдык камсыздоодо украиналык экспорттун үлүшү – 40 пайыз, ал эми Россиянын үлүшү – 29 пайызды түзсө, ушул тапта көлөмдөрдүн балансы өзгөрүүдө.
АКШ Айыл чарба министрлигинин февралда РФ быйылкы айыл чарба жылында күн карама майын экспорттоо жаатында алдыңкы сапты ээлеп келген Украинаны сүрүп чыгарып, дүйнөлүк лидерге айлана аларын жоромолдогон. 2021-календардык жылында күн карама майы Украинага экспорттук айыл чарба өндүрүмдөрүнүн ичинен эң көп киреше – 6,4 млрд. доллар алып келген.
Буга катар эле Россия буудайды экспорттоодогу көп жылдык лидерлигин чыңдоодо.

Достуктун кадырына

“Эгин келишиминин” дагы бир урунттуу учуру – Россия ымалалаш өлкөлөр менен алакаларын күчөтүшү. Биринчиден, бул дан эгиндеринин баасын тизгиндеп турууга, Африка жана Азия мамлекеттери эңсегендей бир аз төмөндөшүн да өбөлгөлөйт.
Украинадан ташылып жаткан азыктардын басымдуу бөлүгүн өз тарабына бурган Европа биримдигинен айырмаланып Россия Африка өлкөлөрүнүн кызыкчылыгына жараша кызматташууга даяр экени, достук мамилелерди чыңдоого Москванын кызыкдарлыгы баамдаган тараптарга даана байкалып турат.
Өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмундагы добуш берүүлөрдө африкалык мамлекеттердин бир даары атайын аскердик операция өткөрүп жатканы үчүн Россияны айыптаган резолюцияны колдоодон баш тартканын жөн гана эскерте кетели.
Экинчиден, өз ара жылуу мамиледеги өлкөлөр бүгүнкү күндө РФтен азык-түлүк өндүрүмдөрү менен туруктуу камсыздалууда. Өз кезегинде Россия да ушул эле рыноктордо бекем орун алып, өз экспортун да өнүктүрүүдө.
ЖМК: АКШ Россиянын айынан долларды чексиз басып чыгара албай калды