БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар райондорунда 22-23-мартта газ болбой турганын "Газпром Кыргызстан" компаниясынан кабарлашты.
Ага оңдоп-түздөө иштери себеп болгонун түшүндүрүштү. Жер алды менен өткөн түтүктөрдөгү көгүлтүр от сызылып чыккан жерлерди бүтөө иштери жасалмакчы.
Газ Көлмө конушунда Дастан, Медина, Мыскал, Кулиев көчөлөрүндө өчүрүлөт. Андан сырткары, Лермонтов, Восток, Ибраев көчөлөрүндө, Ленин проспектинде Фрунзе, Коенкозов көчөлөрүндө, Манас, Чүй проспектилеринде болбойт дешти.
Компания убактылуу келтирген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттеринен кечирим сураган.