БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Чүй
19-мартта түнкүсүн тоолуу райондорго кар жаайт. 19-мартта күндүз, 20-мартта аба ырайы бузулбайт. 21-22-мартта тоолуу райондорго кар түшүп, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлөт. 23-24-мартта күн ачылып, 25-мартта күндүз айрым жерлерге жамгыр, тоолуу райондорго кар жаайт.
Талас
Аптанын башында жаан-чачын күтүлбөйт. 21-мартта күндүз жаан жаап, 22-25-мартта кайрадан күн ачык болот.
Ош
19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 20-21-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. 22-24-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 25-мартта кайрадан жамгыр болушу мүмкүн.
Жалал-Абад
Жуманын башында күн ачык болот. 20-21-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, 22-24-мартта күн ачылат. 25-мартта жамгыр жаашы мүмкүн.
Баткен
19-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-21-мартта мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. 22-24-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жуманын аягында кайрадан жаан жаайт.
Ысык-Көл
19-20-21-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 22-23-мартта айрым жерлерде жаан, кар жаап, 23-марттан баштап күн ачылат.
Нарын
19-мартта кар жаашы күтүлөт. Жуманын башынан тарта аба ырайы жаан-чачындуу болот. 23-25-мартта күндүн көзү бузулбайт.