Ашыкча жүк жүктөп алган айдоочуларга рейд жүрүп 2,6 млн. сом айып салынды

Жүк ташуучуларга карата рейд бир ай бою жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Уруксат берилген өлчөмдөн ашыкча жүк ташып, жолдорду талкалоого себеп болгон автоунааларга айып пул салынды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
13-февралдан 13-мартка чейин жүргүзүлгөн бир айлык рейддин жыйынтыгында өлкө боюнча транспорт көзөмөл пунктуларында жана транспорттук көзөмөлдүн мобилдик топтору тарабынан 34 469 автоунаа текшерилган. Жыйынтыгында 446 мыйзам бузуу аныкталып, 2,6 миллион сомго айып салынган. Анын ичинен нормадан ашыкча жүк жүктөп алган 74 айдоочуга 1,4 миллион сом айып пул жана жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жыйым чектелген.
Катталган мыйзам бузуулардын негизинде жүк ташыган ишканаларга жана карьерлерге 83 эскертүү берилген.
Кадырбеков: жолдорду оңдоп коюп анан айып пулдарды көбөйтсөк болмок