Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия: ыктыярчылар тууралуу фейк маалымат тараткандар 15 жылга эркинен ажырайт

Россия лидери Путин дагы бир мыйзамга — Укук бузууларга түзөтүү киргизүү боюнча кодекске кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин ыктыярчылар тууралуу фейк маалыматтарды тараткандарды 15 жылга эркинен ажыратууга чейинки жазага кириптер кылган мыйзамга кол койду. Документ расмий укуктук маалыматтар жарыяланган порталга жайгаштырылганын РИА Новости жазды.
Тагыраагы, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аракеттери жөнүндө чет жакта туура эмес маалымат тараткан кишилерге жаза катаалдай турганы беренелердеги түзөтүүлөрдө көрсөтүлгөн (РФтин КЖК, 280.3). Мурда беш жылга чейин эркинен ажыратылсын деп айтылган. Түзөтүүлөрдө ыктыярчылардын кадырын түшүргөндөрдү жоопко тартуу эле кирбестен, бардык беренелер боюнча жазаны күчөтүү каралган. Мындай кадам үчүн жети жылга чейин кесүү белгиленген.
Мындан сырткары, дагы бир беренеде Куралдуу күчтөр тууралуу фейк маалыматтарды тараткандардын жоопкерчилиги боюнча айтылган (РФтин КЖК, 207.3). Бул ыктыярчыларга карата колдонулса да ушундай жазага кириптер болот. Бул жерде 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу жазылган.
Путин дагы бир мыйзамга — Укук бузууларга түзөтүү киргизүү боюнча кодекске кол койгон. Ыктыярчылардын кадырын түшүргөн (эгерде кылмыш жообуна тартыла турган нерселер жок болсо) жарандар үчүн 30-50 миң рубль арасында айыпка жыгылат. Ал эми мамлекеттик кызматтагылар 100-200 миң, юридикалык жактар 300-500 миң рубль төлөгөнгө аргасыз болот.
Маморгандар боюнча чет жакта жалган кабар тараткандар жазаланат. РФтеги жаңы мыйзам