Атайын кызмат: УКМК менен Башкы прокуратуранын ортосунда эч кандай тирешүү жок

УКМК Кытайдан аткезчилик жол менен товар алып өтүүнүн ири схемасын таап чыгып, бажы кызматкерлери жана жеке компаниялардын өкүлдөрү кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. УКМК менен Башкы прокуратуранын ортосунда эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эмес. Мындай билдирүүнү атайын кызмат Кытайдан аткезчилик жол менен ташып келүү боюнча коррупциялык схеманы ачыкка чыгаргандан кийин жасады.
Маалымат боюнча, айрым компаниялар Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу жүктөрдү транзиттик жол менен ташып турушкан. Жүк Өзбекстанга жөнөтүлгөндүгүнө карабай ал Кыргызстандын аймагынан түшүрүлүп, коңшу өлкөгө бош автоунаалар жөнөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 1 миллиард сомго бааланып, алты бажы кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү кармалган. УКМК алардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар экенин билдирди.
“Бул факт боюнча акыркы күндөрү өлкөнүн социалдык мессенжерлеринде “ Башкы прокуратура менен УКМКнын тиреши тууралуу” делген ишенимсиз маалыматтар тарай баштады. Буга байланыштуу УКМК коомчулукка Башкы прокуратура менен эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эместигин маалымдайт. Бардык тергөө аракеттерине Башкы прокуратура тарабынан ыйгарым укук берилген жана процессуалдык көзөмөлүндө”, — деп билдиришти атайын коопсуздук комитетинен.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканы айтылды.
УКМК малдын дарыларын мыйзамсыз даярдагандарды тапты. Видео