Жапаров Ботаникалык бактын азыркы абалын жана реконструкция планын көрдү. Сүрөт

Мамлекет башчы Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, анын учурдагы жана реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ошол эле жерге президенттин администрациясынын, иш башкармасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери ишембиликке чыккан.
Мамлекет башчысына реконструкциялоо долбоорун ишке ашырган учурда бактын аймагында эки кабаттуу административдик имарат, бир нече чарбалык имарат, трансформатордук көмөк чордон, күнөсканалар, питомниктер, ирригациялык система жана башка объектилер оңдолорун айтып беришкен.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, анын учурдагы жана реконструкциялоо долбоору менен таанышты

2 / 5

Ошол эле жерге президенттин администрациясынын, иш башкармасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери ишембиликке чыккан

3 / 5

Мамлекет башчысына реконструкциялоо долбоорун ишке ашырган учурда бактын аймагында эки кабаттуу административдик имарат, бир нече чарбалык имарат, трансформатордук көмөк чордон, күнөсканалар, питомниктер, ирригациялык система жана башка объектилер оңдолорун айтып беришкен

4 / 5

Ботаникалык бактын кызматкерлери жүргүзүп жаткан илимий иштер боюнча да маалымат берилген

5 / 5

Жапаров белгилегендей, Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин айткан

Ботаникалык бактын кызматкерлери жүргүзүп жаткан илимий иштер боюнча да маалымат берилген.
Жапаров белгилегендей, Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин айткан.
Мамлекет башчысы алгачкы этапта Максим Горький көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын филиалын (5 гектар) реконструкциялоону тапшырды.
Президент Ботаникалык бакта жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, ал шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин белгилеген.
Эске салсак, Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак 1938-жылы Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Кеңешинин 1938-жылдын 13-мартындагы №336 токтому менен негизделген. Быйыл бул жайга 85 жыл болгон.
Жергиликтүү флораны изилдеп, аны дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн өсүмдүктөрүн интродукциялоо менен байыта баштаган республикадагы биринчи илим-изилдөө мекемеси.
Ботаникалык бак — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын системасындагы илимий институту.
Нарын шаарындагы креативдүү иш-чара: “жаныбарлар” ишембиликке чыкты. Сүрөт