БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин автоунааны өзү айдап Севастополго келгендигин баатыр шаардын губернатору Михаил Развожаев билдирди.
"Биздин президентибиз Владимир Владимирович Путин таң калтырат. Бүгүн Херсонесте балдардын искусство мектебин ачмакпыз. Президентке видеоконференция аркылуу атайын байланыш менен маалымат берүү үчүн баарын даярдап койгонбуз. Бир учурда эле Владимир Владимирович өзү келип калбаспы. Өзү. Машина айдап келиптир. Мындай тарыхый күндө президент Севастополь жана севастополдуктар менен болду", — деп жазды Севастополь шаарынын губернатору өзүнүн Telegram каналына
Развожаев Россиянын өзгөчө лидери бар экенин белгилеген.
Крым менен Севастополь референдумдун жыйынтыгы менен 2014-жылдын 16-мартында Россияга кошулган тарыхый күндү белгилеп жатат. 2014-жылдын 18-мартында алар расмий түрдө Россиянын аймактарынын бири болгон.
Сандар менен айтсак, референдумга элдин 83,1 пайызы келген да, жыйынтыгында алардын 96,77 пайызы Россия тарапта болууну жактаган.
Ошентип, эки күндөн кийин, тагыраагы, 18-мартта Россиянын лидери Владимир Путин жана Крым менен Севастополь жетекчилери аталган эки аймактын РФтин курамына кириши боюнча келишимге кол коюшкан.