РФ элчилиги Путин боюнча Эл аралык соттун позициясына АКШ макулдугу боюнча үн катты

Россия тааныбаган Эл аралык сот 17-мартта Путинди “камоого” ордер берген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын элчилиги президент Владимир Путинди "камоого" ордер берген Эл аралык кылмыш сотуна (ЭКС) карата АКШнын позициясы тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Элчиликтин айтымында, АКШ ЭКСтин Москваны сындаган позициясын кабыл алып, бирок ошол эле учурда сот АКШнын мыйзам бузууларын сындаган позициясын четке кагууда.

"Бул шизофренияны эске салат. Россия лидери тууралуу кабыл алынгыс билдирүүлөргө жол берип, америкалык бийлик Ирак, Югославия, Ливия жана Вьетнамдагы "өздөрүнүн" мыкаачылыктары тууралуу атайылап унчукпай турушат. Анын үстүнө, өз жарандарын эл аралык куугунтуктан коргоо аракети менен АКШ да жийиркеничтүү чараларды көрөт. Маселен, алар соттун жетекчилигине, анын ичинде АКШнын Афганистандагы мыкаачылыгын иликтөөнү баштаган экс-прокурор Фату Бенсудага болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизишүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик Вашингтондо "бардык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир ооздон ЭКСтин чечими АКШ үчүн жарлык эмес экенин кайталашканын", бирок "Россияга тоскоолдук берүү үчүн учурда соттун чечимин колдоп" жаткандыгын билдирди.
Эске салсак, кечээ, 17-мартта, II Эл аралык кылмыш сотунун сотко чейинки палатасы Украинадагы абалга байланыштуу эки адамды, Владимир Путин менен Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген. Анда чечим Украинадан “балдардын мыйзамсыз чыгарылып кетишине” байланыштуу экени айтылган.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул соттун мындай чечимин юридикалык маанисиз нерсе экенин айтты.
“Россия Рим статутунун Эл аралык кылмыш сотунун катышуучусу эмес жана ал боюнча эч кандай милдетти мойнуна алган эмес. Бул орган менен Россия кызматташпайт. Ал эми Эл аралык соттун камакка алуу жөнүндөгү “рецепттери” биз үчүн юридикалык маанисиз нерсе бойдон кала берет”, — деди Захарова.
Буга чейин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия Эл аралык кылмыш сотун жана анын юрисдикциясын тааныбай турганын айткан.
Россия тааныбаган Эл аралык сот Путинди “кесүүгө” ордер берди