Небензя: айыл чарба экспортунун санкциясын алууга Батышта эки ай убакыт бар

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Россиянын айыл чарба азыктарын экспорттоосуна тоскоол болгон бардык санкцияларды алууга АКШ, Лондон жана ЕБде эки ай мөөнөт бар. Бул туурасында БУУнун азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйынында Россиянын аталган уюмдагы өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.
“13-мартта биз расмий түрдө Түркия менен Украинага 18-марттан кийин анын мөөнөтүн 60 күнгө, тагыраагы, 18-майга чейин узартууга каршылыгыбыз жок экендигин билдирдик”, — деген Небензя.
Анын айтымына караганда, прогресстин андан аркы кадамдары айтылган көйгөйлөрдүн чечилишине жараша болот.
“Эгерде Вашингтон, Брюссель жана Лондон Украинадан азык-түлүк экспортун деңиздик гуманитардык коридор боюнча улантууга өздөрүнүн жеке муктаждыктарынан улам чындап кызыкдар болсо, анда аларда БУУнун көмөгү менен россиялык айыл чарба азыктарынын экспортуна коюлган санкциялардын чынжырын алып салууга эки ай убакыт бар", — деген Небензя.
Атайын өкүл эгерде андай болбосо, БУУнун Башкы катчылыгынын Стамбул келишимдеринин алкагындагы концепциялык пакеттери кандай иштээри Россия тарапка түшүнүксүз болуп каларын айтты.
Эксперт Россиянын уну болбосо ачарчылыкка тушукчу өлкөлөрдү атады