Нарын шаарындагы креативдүү иш-чара: “жаныбарлар” ишембиликке чыкты. Сүрөт

Көчөдөн шыпыргычан “коен” менен “түлкүнү”, күрөк көтөргөн “жолборсту” жана башка жаныбарларды көрүүгө болот.
Sputnik
НАРЫН, 18-мар. — Sputnik. Жазгы айлана-чөйрөнү тазалоо иштерине Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жамааты жаныбарлардын образында чыгышты. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы жарандарга жакшы маанай жана жалпы ишембиликке жашоочулардын көңүлүн бурдуруу максатында ушундай образда чыгышканын айтып беришкен.
1 / 3

Жазгы айлана-чөйрөнү тазалоо иштерине Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жамааты жаныбарлардын образында чыгышты

2 / 3

Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы жарандарга жакшы маанай жана жалпы ишембиликке жашоочулардын көңүлүн бурдуруу максатында ушундай образда чыгышканын айтып беришкен

3 / 3

Жаныбарлардын кийимин кийген маданият кызматкерлери шаар аралап, жашоочуларды айлананы таштандыдан тазалоо иштерине катышууга чакырып, түшүндүрүү иштерин алып барышты

Жаныбарлардын кийимин кийген маданият кызматкерлери шаар аралап, жашоочуларды айлананы таштандыдан тазалоо иштерине катышууга чакырып, түшүндүрүү иштерин алып барышты.
Алардын арасынан шыпыргычан “коен” менен “түлкүнү”, күрөк көтөргөн “жолборсту” жана башка жаныбарларды көрүүгө болот.
Иш-чара Нарын шаардык мэриясы, шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган.
Бишкек мэриясы жалбырак өрттөгөндөр айыпка жыгыларын эскертти