Мүлккө төлөнчү салыктар боюнча маалыматты бербегендерге айып салынары эскертилди

Маалыматтык документти эки жол менен тапшырууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы элди мүлкүнө төлөнө турган салыктар боюнча толук эсеп-чотту аталган органга тапшыруу зарылдыгын эске салып, аны аткарбаса айыпка жыгыларын эскертти.
Бул — отчет берүү боюнча өзүнчө форма. Тагыраагы, жеке жана юридикалык тараптардын мүлктөрүнүн параметрине жараша төгүлө турган төлөмдүн суммасы боюнча берилчү маалымат. Ал документ салык кызматына салыктын өзүн төлөгөнгө чейин тапшырылышы шарт.
Аталган орган анын тапшыруу мөөнөтүн эске салды. 1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар мүлк салыгы (транспорт, жашай турган же башка багыттагы имарат, жер тилкеси) боюнча маалыматтарды тапшырышы керек.

"Аны эки жол менен — Salyk.kg "жеке кабинети" аркылуу электрондук түрдө же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшырууга болот. Ошондой эле тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоону тапшырык кат аркылуу почта менен жөнөтүүгө болот", — деп түшүндүрүштү Салык кызматынан.

Мүлккө төлөнө турган салыктар боюнча маалыматты өз убагында бербегендиги үчүн жеке жактарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
Салык салуу боюнча кабыл алынган жаңы мыйзамдагы өзгөрүүлөрдүн тизмеги