Министрлик: жер семирткичтер быйыл 20-25%га арзан болууда

Бүгүнкү күндө республиканы минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо 40,2 миӊ тоннаны түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Өлкөдө минералдык жер семиркичтер былтыркы баага салыштырмалуу 20-25 пайызга арзан сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
"Бүгүнкү күндө республиканы минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо иштери толук кандуу жүргүзүлүп, 40,2 миӊ тоннаны түздү", — дешти ведомстводон.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Өзбекстанда өндүрүлгөн аммиак селитрасынын 1 килограммы 28-30 сом, карбамид 36-38 сом жана түндүк аймактарда аммиак селитрасы 30-32 сомдон сатылып жатканын айтты. Ал эми карбамид 38-40 сомдун тегерегинде болууда.
Республика боюнча жер семирткичтерди дарегинен алса болот.
Радио
Жазгы үшүк эмнеси менен кооптуу? Сактануу жолдору