Радио

Иманакун уулу: өлкөдөгү курулуштарга ар тараптуу көзөмөл жүргүзүлөт

Архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу өлкөдөгү курулуштардын сапаты тууралуу айтып берди.
Sputnik
Республикадагы курулуштарга ар тараптуу көзөмөл жүргүзүлөт. Бул тууралуу Талантбек Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкекте 515 объектинин курулушу жүрүп жатса, анын 38и мыйзамсыз.
"Курулуш баштоо үчүн ишкер сертификат алган архитекторго кайрылат. Ал жердин сейсмикалык ченемин билет. Ошого жараша конструкциянын эсептерин чыгарат. Аны дүйнөдө колдонулган атайын программага салып жер титирөөгө туруктуулугун текшерет. Ошондон кийин Башкы архитектурадан адистерден турган техникалык кеңештен өтөт. Андан кийин мамлекеттик корутунду чыгарылып, уруксат берилет. Курулуштун жүрүшү, материалдардын сапаты, талапка ылайык жүрүп жатканы баскыч-баскыч менен лабораториядан текшерилет. Долбоордун автору, фирманын техникалык көзөмөл жүргүзгөн бөлүмү жана мамлекеттик тарап болуп үч жактан текшерүүлөр жүрөт. Андан кийин гана эксплуатацияга берилет", — деди Иманакун уулу.
Ошондой эле ал мыйзамсыз курулуштар үчүн санкцияларды күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.