2027-жылга чейин хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатынын 2-дивизионунун А тобунда ойноп, мелдешке катышып калышы керек. Бул тууралуу Элзар Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын курама командасы эми дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тобунда ойнойт.
"Жакында эле Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионундагы В тобундагы командалар арасында жеңүүчү болду. Эми ушул эле дивизиондун А тобунда ойноого жолдомо алды. Бул топто Түркмөнстандын, Кытайдын Тайбэйинин, Түштүк Африка Республикасынын, Люксембургдун, Таиланддын жана Түндүк Кореянын курама командаларына каршы беттеш өткөрүшөт. Былтыркыга караганда деңгээли бир топ көтөрүлүп, атаандаштык да жогору болуп калды. Албетте, кийинки тепкичке чыккан сайын күчтүү командалар жолугуп баштайт. Буга чейин 2027-жылга чейин хоккейди өнүктүрүү программасы кабыл алынып, тиешелүү аракеттер көрүлүп келет. Мисалы, 2027-жылга чейин хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатынын 2-дивизионунун А тобунда ойноп, мелдешке катышып калышы керек", — деди Болотбеков.
Ошондой эле адис хоккей үчүн аренанын курулушун баштоого бүгүнкүгө чейин жер маселеси чечилбей келе жатканын кошумчалады.