Бишкек мэриясы жалбырак өрттөгөндөр айыпка жыгыларын эскертти

Таштанды, жалбырактарды өрттөгөн жеке жактарга 7 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар.— Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарына кайрылып, жалбырактарды өрттөбөөгө чакырды.
Муниципалитет жаздын келиши менен ишембиликтер башталгандыгына байланыштуу акыр-чикирди, жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоо керектигин эскертет. Ал жерден "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери алып кетет.
"Жалбырактарды жана башка заттарды өрттөөгө тыюу салынат. Андан чыккан түтүндүн адам ден соолугуна зыяны чоң. Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен тартип бузуучуларга муниципалдык инспекция тарабынан жеке жактарга 7 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынып, протоколдор түзүлөт", — деп айтылат мэриянын эскертүүсүндө.
18-мартта өлкө боюнча ишембилик өтөт