БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Экономисттер Silicon Valley банкынын (SVB) банкрот болушунун фонунда АКШнын дээрлик 200 кредиттик мекемелери да жабылуу коркунучунда экенин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости Wall Street Journal басылмасына шилтеме берип жазды.
"Silicon Valley банкы чендердин жогорулашы активдеринин баасын төмөндөтүп, чочуп кеткен кардарлар камсыздандырылбаган депозиттерди алып кеткенден кийин банкротко учурады. Жаңы изилдөөдө экономисттер ушуга окшош тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон 186 банкты аныкташканын айтышты", — деп билдирген басылма.
Экономисттердин Social Science Research Network басылмасына жарыяланган изилдөөсүндө АКШнын Федералдык резерв системасынын пайыздарды көтөрүү кампаниясында банктардын жоготууларын эсептегени айтылат. Ошондой эле камсыздандырылбаган аманатчылардын банктык каржылоо үлүшүн изилдеп чыгышкан.
"АКШнын 186 банкында, алардын эсеби боюнча, камсыздандырылбаган аманатчылар акча каражаттарын алып койгон учурда камсыздандырылган аманатчылар жоготууларга (нарксызданууга) туш болушу мүмкүн, анткени банктын активдери жетишсиз болот", — деп айтылат маалыматта.
Басылма мындай жагдайда көзөмөл органдары кийлигишүүгө аргасыз болорун жазган.
Март айында Калифорниянын жөнгө салуучу органдары Silicon Valley банкын (SVB) жапкан. Бул 2008-жылдагы финансы кризисинен берки банктын банкротко тушуккан АКШдагы эң ири учуру болгон. Аталган мекеменин бул жагдайга кабылышы АКШнын Федералдык резерв системасынын негизги ченинин жогорулашына байланыштуу болуп, көптөгөн финансы институттарынын баланстарындагы активдердин кыйрашына алып келди. АКШ бийлиги колдоо чараларын жарыялады.
Европада Швейцариянын эң чоң банктарынын бири Credit Suisse ушундай көйгөйлөргө туш болду.