19-мартка карата аба ырайы

19-мартта республиканын айрым дыйканчылык аймактарында үшүк жүрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жекшембиде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Талас облусунда +9…+14, Ысык-Көл жеринде +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Нарын чөлкөмүндө +4…+9 градус болот.
Термометр Бишкекте +12…+14, Ош шаарында +21…+23 градусту көрсөтөт.
Илбирстин сейрек кездешүүчү сүрөттөрү мамлекеттик архивден табылды