Япондорго илбирс ичик жаап... Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөн күнү

1944-жылы 17-мартта Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлиги түзүлгөн. Алгач бул ведомство протоколдук жана виза берүү кызматтарды гана аткарган.
Sputnik
Ал жылы союздук республикалардын баарында тышкы саясий ведомство түптөлгөн. Муну менен Москва Бириккен Улуттар Уюмуна бардык 15 республиканы мүчө кылууга аракеттенген. Бирок СССРдин мындай сунушуна АКШ менен Англия бөгөт коюп, БУУнун курамына Улуу Ата Мекендик согушта оор жоготууларга учураган деген жүйө менен Беларусь менен Украина гана кирген.
Жаңы түзүлгөн министрликтер жоюлган эмес, протоколдук жана виза берүү кызматын аткарган. Sputnik агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов КР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргызстанга чет элдик делегациялар келиши жана кыргызстандык делегациялардын сапарлары тууралуу кызыктуу сүрөттөрдү сунуштайт.
1 / 20

Азия кыз-келиндеринин конференциясы. Пекин, 1949-жыл

2 / 20

СССРдин делегациясынын мүчөлөрү храмдын жанында. Пекин, 1949-жыл

3 / 20

Вьетнам Демократиялык Республикасынын журналисттеринин делегациясы Кыргызстанга келген учуру. Фрунзе, 1956-жыл

4 / 20

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов (1-катарда экинчи) жана башка чет мамлекеттик өкүлдөрү Кытайдын лидери Мао Цзе Дун (1-катарда жетинчи) менен расмий жолугушуудан кийин. Москва, 1957-жыл

5 / 20

Кытай жазуучусу Любацань, белгилүү котормочу жана мамлекеттик ишмер Абулкасым Кангелдиев (оң жактан экинчи), кытайлык акын Эми Сяо, драматург Шүкүрбек Бейшеналиев жана Өзбек ССРинин коомдук ишмери теги корей Сампир. Кытай Эл Республикасы, 1959-жыл

6 / 20

Япон кыз-келиндеринин делегациясы Фрунзенин аэропортунда учактан түшүп жаткан учуру. 1960-жыл. Сүрөттүн автору А. Клейменов

7 / 20

Япон кыз-келиндеринин делегациясынын мүчөсү Хиросима-Есино Унэутинин Кыргыз ССРинин мамлекеттик уюмдардын төрайымы Жүмагүл Абдылдаева менен жолугуп жаткан маалы. Фрунзе. 1960-жыл. Сүрөттүн автору А. Клейменов

8 / 20

Индиянын улуттук конгрессинин депутаты Шарда Мукерджи СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Рейна Чокоева менен жолуккан учуру. Фрунзе, 1962-жыл. Сүрөттүн автору А. Клейменов

9 / 20

СССР менен Сирия Араб Республикасынын ортосундагы достукка арналган салтанаттуу кечеде Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Сакин Бегматова куттуктоо сөзүн сүйлөп жаткан маалы. Фрунзе, 1972-жыл. Сүрөттүн автору Ш. Барский

10 / 20

Белгилүү прозаик жана драматург, Кыргыз ССРинин чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунун президиумунун төрагасы Шүкүрбек Бейшеналиев (сол жактан экинчи) СССРдин элчиси Сарвар Азимов Ливандын президенти Сулейман Франтьенин кабыл алуусунда. Бейрут, 1972-жыл

11 / 20

Немец философу жана ойчулу Карл Маркстын чөбөрөсү Роберт Лонге кыргызстандык коммунисттер менен кезигип жаткан учуру. Ысык-Ата району, 1973-жыл

12 / 20

Түркия менен Ирандын делегациялары ВДНХда. Фрунзе, 1976-жыл. Сүрөттүн автору В. Утешев

13 / 20

Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова (арт жагында Кыргыз мамлекеттик филармониясынын көркөм жетекчиси Даниал Назарматов) индиялык өнөрпоздорго куттуктоо сөзү менен кайрылууда. Фрунзе, 1977-жыл. Сүрөттүн автору А. Толмачев

14 / 20

Кыргыз ССРинин соода министри Курманбек Аташев (сол жактан экинчи) Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Жаңыл Түмөнбаева, Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Салмоорбек Табышалиев Алжир делегациясын узаткандан кийин. Аэропорт "Манас", Фрунзе, 1978-жыл. Сүрөттүн автору А. Толмачев

15 / 20

Сирия Араб Республикасын башкарган БААС партиясынын мүчөлөрү ВДНХда. Фрунзе, 1976-жыл. Сүрөттүн автору В. Утешев

16 / 20

Сирия Араб Республикасын башкарган БААС партиясынын кызматкерлери Кыргыз көркөм сүрөт искусство музейинде. Фрунзе, 1976-жыл. Сүрөттүн автору В. Утешев

17 / 20

Гвинея Республикасынын улуттук жыйынынын мүчөлөрү Николай Чернышевский (азыркы Касымалы Баялинов) атындагы китепканага экскурсияга келген учуру. Фрунзе, 1984-жыл

18 / 20

Гвинеялык өспүрүмдөр кыргызстандык курдаштары менен пионерлер сарайында жолугушуусу. Фрунзе, 1984-жыл

19 / 20

Япониянын СССРдеги элчиси Сумио Эдамура менен өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргыз көркөм сүрөт искусство музейинде. Бишкек, 1991-жыл. Сүрөттүн автору Морев

20 / 20

Кыргыз көркөм сүрөт искусство музейинде Япониянын расмий делегациясынын мүчөлөрүнө илбирс ичиктер тартууга берилип жаткан учуру. Бишкек, 1991-жыл. Сүрөттүн автору Морев