Радио

Экоактивист: таштандыны ылгоого өтүү зарыл

Экоактивист Канышай Рысбекова эмне себептен таштандынын иргелиши керектигин түшүндүрүп берди.
Sputnik
Пластик баштык тоонун чокусуна чейин жетип, аны жутуп алып илбирс өлгөн. Бул тууралуу Канышай Рысбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, таштанды ыргытуу менен адамдар ден соолугуна эле эмес экологияга дагы зыян тийгизүүдө.
"Таштанды маселесин чечүү үчүн кайра иштетүүчү завод салынышы керек. Учурда буга мүмкүндүк болбой жаткандыгына байланыштуу калк арасында түшүндүрүү, окутуу иштери күчөтүлүүдө. Ошол эле дөңгөлөктү өрттөө кандай зыян алып келерин билбегендер көп экен. Өзгөчө калкы жыш шаарларда таштандыны ылгоого өтүү зарыл. Анткени таштандыны өрттөөдөн чыккан ыш ошол эле шаардын тургундарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Экологияны дагы зыянга учуратууда. Маселен, жакында эле Алматыда илбирс пластикалык баштыкты жутуп алып өлдү. Ошол пакет тоонун чокусуна чейин чыгып кеткени көйгөй. Адамдар өзүнүн ден соолугуна эле эмес айлана-чөйрөгө дагы зыян келтирип жатканы өкүнүч. Аягы трагедия менен бүтөт. Ошондуктан бул багытта жалпы эл биргеликте иш алып баруусу зарыл. Өзгөчө аудиториясы көп блогерлер жеп-ичкенин, сатып алган буюмдарына мактана бербестен экологияга аяр мамиле кылууга үгүттөсө жакшы болмок. Алар ошол күйөрмандарынын алдында жоопкерчиликтүү", — деди Рысбекова.
Ошондой эле активист өлкөнүн экологиясын коргоо үчүн чет элдиктердин көзүн карап отура бербеш керектигин кошумчалады.