Министр саламаттык сактоо уюмдарына накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өтүүнү тапшырды

Ал Улуттук госпиталдын коррупциялык схеманы уюштурган деп кармалган жетекчиси тууралуу дагы пикирин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине үч айдын ичинде накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Министр бүгүн жыйын өткөрүп, анда Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин кармалышына да токтолду.
"Медициналык кызматкерлер тараптан акча талап кылуу фактылары боюнча даттануулар дайыма болуп келет. Тилекке каршы, өткөн күнү биз саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси катышкан жагдайга күбө болдук. Албетте, бир нерсе деп айтууга эрте, буга тергөө жана компетенттүү органдар чекит коёт", — деген Баатырова.
Ошондой эле ал төмөнкү тапшырмаларды койду:
жарандарды коррупцияга каршы күрөшкө тартуу механизмин иштеп чыгуу;
санариптик чечимдерди колдонуу менен медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу;
медицина кызматкерлери тарабынан этикага жатпаган маркетингдин бардык түрлөрүн токтотуу.
Мындан тышкары, министр бейтаптарды ташуудагы коррупциялык көрүнүштөргө жана негизсиз анализдерди дайындоо фактыларына көңүлүн бурду.
Эскерте кетсек, 16-мартта УКМК тарабынан Улуттук госпиталдын башкы дарыгери М.Т.И. кармалган. Ал акча жеген коррупциялык системаны уюштурган деп шектелүүдө.
Радио
Станбеков: иште кырсыктаган медикке төлөнчү компенсациянын мөөнөтү жок