Россия тааныбаган Эл аралык сот Путинди “кесүүгө” ордер берди

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия Эл аралык кылмыш сотун жана анын юрисдикциясын тааныбай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россия юрисдикциясын тааныбаган Эл аралык кылмыш сотунун сотко чейинки палатасы РФ президенти Владимир Путин менен балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы “кесүүгө” ордер берди. Бул тууралуу РИА Новости уюмдун сайтына шилтеме берип жазды.
“Бүгүн, 17-мартта, II Эл аралык кылмыш сотунун сотко чейинки палатасы Украинадагы абалга байланыштуу эки адамды, Владимир Владимирович Путин менен Мария Алексеевна Львова-Белованы камакка алууга ордер берди”, - деп айтылат маалыматта.
Анда чечим Украинадан “балдардын мыйзамсыз чыгарылып кетишине” байланыштуу экени айтылган.
Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул соттун мындай чечимин юридикалык маанисиз нерсе экенин айтты.
“Россия Рим статутунун Эл аралык кылмыш сотунун катышуучусу эмес жана ал боюнча эч кандай милдетти мойнуна алган эмес. Бул орган менен Россия кызматташпайт. Ал эми Эл аралык соттун камакка алуу жөнүндөгү “рецепттери” биз үчүн юридикалык маанисиз нерсе бойдон кала берет”, - деди Захарова.
Буга чейин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия Эл аралык кылмыш сотун жана анын юрисдикциясын тааныбай турганын айткан. Ал канчалаган жылдардан бери эл аралык сот органдары, эл аралык коомчулуктун башка мүчөлөрү украиналык улутчулдардын Донбасстагы жай тургундарды кырганына көңүл бурбаганын белгилеген.
Ушаков: Путин менен Си Цзиньпин Украинадагы жаңжалды талкуулашат