Ушаков: Путин менен Си Цзиньпин Украинадагы жаңжалды талкуулашат

Ушаков Россия Кытайдын Украина маселеси боюнча токтоо жана талданган позициясын жогору баалай турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин 21-мартка пландалган Кремлдеги жолугушуусунда Украинадагы жаңжал дагы талкууланат. Бул тууралуу президенттин эл аралык мамилелер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды.

“Украинадагы абал, албетте, талкууланат. Биз Кытайдын бул маселе боюнча токтоо жана талданган позициясын жогору баалайбыз. Кытайдын абалды жөнгө салуу планын дагы билебиз. Биздин жетекчи менен Кытай лидери Украинадагы конфликтиге берилген баа боюнча пикир алмашарына ишенем. Андан кийин кандай ойлор пайда болорун ошондо көрөбүз”, - деди Ушаков.

Ал ошондой эле Кытайдын тынчтык планы Россияныкына көп жерден дал келип жатканын кошумчалады.
Си Цзиньпин менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү боюнча Ак үй үн катты