Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион чабак коё берилди

Мындай иш-аракеттер балыкты сактап калуу жана анын санын көбөйтүү максатында жасалып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Орто-Токой суу сактагычына сига-лудога балыгынын 1 миллион чабагы коё берилди. Чабактар "Орто-Токой ынтымагы" ЖЧКсы тарабынан коё берилгендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган коомдон маалымдашты.
1 / 2

Орто-Токой суу сактагычына сига-лудога балыгынын 1 миллион чабагы коё берилди

2 / 2

Бирдирмеге караганда, чабактар Тоң районундагы балык өндүрүүчү ишканада өстүрүлгөн

Бирдирмеге караганда, чабактар Тоң районундагы балык өндүрүүчү ишканада өстүрүлгөн. Иш-чарага Балык чарба департаментинин кызматкерлери, Кочкор районунун акимчилигинин, Нарын аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жана Ак-Өлөң айыл өкмөтүнүн башчысы Майрам Кыдыралиева катышты.
Аталган коомдун мүчөсү Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында былтыртан бери чабактарды өз алдынча коё берип жатышат.
Суу сактагычтан өзү билемдик менен балык кармоого тыюу салынат. Ижарага алган жеке компания берген билет менен гана чектелүү санда кармоого болот. Компания кызматкерлеринин айтымында, буга карабастан тор менен балык уулаган браконьерлер кездешет. Бул багытта коомдун өкүлдөрү, Балык чарба департаментинин инспекторлору, Кочкор райондук экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы менен биргеликте браконьерлер менен күрөшүү иштери жүргүзүлүп келет.
Россельхознадзор Кыргызстан форелинин сертификациясын токтотууну өтүндү. Себеби