БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров жана Бириккен Араб Эмирлигинин министрлер кабинетинин атаандаштык жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары, атаандаштык боюнча кеңештин төрагасы Абдулла Нассер Лута "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке киргизүүгө старт берди. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттик администрациянын кызматкерлеринин эмираттык кесиптештери жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирге эки күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча өттү.
Биринчи этапта 100 күндүн ичинде үч багыт боюнча долбоорлор ишке ашырылат:
Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;
Кыргыз Республикасында электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;
Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү.
Белгилей кетсек, "Өкмөттүк акселераторлор" программасы бул —– Бириккен Араб Эмирлигинин өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформанын атайын механизми, ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек.