Нарында мэр менен башкы салыкчы ККМ үчүн жоопко тартылды

11-мартта Садыр Жапаров Нарынга барганда соодагерлер ККМге каршы митингге чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Нарындын мэри менен Салык кызматынын Нарын шаары боюнча бөлүмүнүн жетекчиси ККМ боюнча элге түшүндүрүү иштерин начар жасагандыктан жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 435-беренесинин ("Кызматтагы адамдардын нормативдик-укуктук актыларды бузушу") негизинде аларга 10 миң сом айып салынды.
Эске салсак, 11-мартта Садыр Жапаров Нарынга иш сапары менен барган. Анда соодагерлер чогулуп ККМге каршы митинг кылып, президентке арызданышкан. Өлкө башчы аларга ККМ керек экенин түшүндүрүп берүүгө мажбур болгон.
ККМ, ЭТТК колдонуу. Парламент Салык кодексин өзгөртүү долбоорун кабыл калды