БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандан 57,9 миллион доллар сыртка которулганын Улуттук банк билдирди.
Кеп жеке жактардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. Которуулар ар кандай валютада болушу мүмкүн, бирок доллар эквиваленти берилет.
Белгилей кетсек, сыртка акча жөнөтүү боюнча рекорд былтыр сентябрда катталган (170 миллион доллардан ашык).
Январь айында кайсы өлкөлөргө каражат агылды:
Түркия — 29,5 миллион доллар;
Россия – 27,2 миллион;
Казакстан, АКШ, Германия – 0,3 миллион.
Белгилей кетсек, салттуу түрдө сыртка агылган акчалардын көбү адатта Россиянын үлүшүнө туура келет. Бирок январдын жыйынтыгы боюнча Түркия биринчи жолу алдыңкы орунга чыкты.
Белгилей кетсек, баары бир Кыргызстанга жөнөтүлгөн каражаттын көлөмү чыгып кеткен акчага караганда көптүк кылат. Мисалы, январь айында 146,7 миллион доллар Россиядан келип түшкөн.