Кыргыз делегациясы легендарлуу машыктыруучу жана FIFA башчысы менен жолукту

Иш-чарада Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан пилоттук долбоор талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) башчысы Жанни Инфантино жана уюмдун футболду глобалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Арсен Венгер менен жолукту.
1 / 2

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) башчысы Жанни Инфантино жана уюмдун футболду глобалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Арсен Венгер менен жолукту

2 / 2

уанда өлкөсүндө өткөн FIFA уюмунун 73-конгрессинде шайлоо болгон. Кыргыз делегациясы менен конгресске КФСнин президенти Медербек Сыдыков, вице-президент Дастанбек Конокбаев жана башкы катчы Нурдин Букуев барган. Алар Инфантинону кайра шайланышы менен куттуктаган.

Руанда өлкөсүндө өткөн FIFA уюмунун 73-конгрессинде шайлоо болгон. Кыргыз делегациясы менен конгресске КФСнин президенти Медербек Сыдыков, вице-президент Дастанбек Конокбаев жана башкы катчы Нурдин Букуев барган. Алар Инфантинону кайра шайланышы менен куттуктаган.
Легендарлуу машыктыруучу, көп жыл бою Лондондун "Арсенал" клубун жетектеген Арсен Венгер менен FIFA Talent Development Scheme жана Talent Coach программасын талкуулашкан. Аталган пилоттук долбоор жети өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы ишке ашырылууда.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында өлкөгө жогорку деңгээлдеги FIFA машыктыруучусу Даниэл Лимонес келген. Ал июлга чейин кыргызстандык машыктыруучуларга консультант катары жардам берет жана 13-16 жаштагы балдардан турган эки өспүрүмдөр командасына убактылуу насаатчы болот.
CAFA U-17: Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын жеңип алды