Балыкчыда 34 жылдан бери иштебей турган мамлекеттик кинотеатр ишин жандантат

Имарат демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 12 миллион сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы 34 жылдан бери иштебей турган "Ысык-Көл" кинотеатры капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ачылыш аземи өттү. Имаратты оңдоо иштери демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып, ага 12 миллион сом жумшалган.
1 / 4

Балыкчы шаарындагы 34 жылдан бери иштебей турган "Ысык-Көл" кинотеатры капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ачылыш аземи өттү

2 / 4

Имаратты оңдоо иштери демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып, ага 12 миллион сом жумшалган

3 / 4

Аталган кинотеатр 1964-жылы ишин баштаган

4 / 4

Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин балансында турат

Маданий мекеменин ачылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Исаков, Төлөмүш Океевдин кызы Азиза Океева жана башкалар катышты.
Аталган кинотеатр 1964-жылы ишин баштаган. Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин балансында турат. Акыркы жолу 1989-жылы кино коюлуп, ошондон бери иштебей турган.
Имарат толук оңдоодон өтүп бүткөн, анын айланасын көрктөндүрүү иштери улантылууда.
Кочкордо заманбап спорткомплекс пайдаланууга берилди. Сүрөт