Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 27 пайызга өстү

Өткөн жылы Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүдөгү суммасынын 45 пайызын КМШ өлкөлөрү түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 27 пайызга өстү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Sputnik Ближнее зарубежьенин кабарчысына билдирген.
Анын айтымында, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмуна кирген өлкөлөр менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү ойлогондон да көп болду.
"Сандар, көрсөткүчтөр эле баарын айтып турат. Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 5 миллиард доллардан ашты, тактап айтканда, 26-27 пайызга өстү. 2021-жылдагыга салыштырганда көрсөткүчтөр бирикмеге кирген бардык өлкөлөрдө жогору болду", — деп белгилеген Касымалиев.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүдөгү КМШ өлкөлөрүнүн үлүшү 45 пайызды түзөт.
Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо 2,5 эсеге көбөйдү