БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жерге мунапыс берүүнү караган комиссияларга көмөк көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп, кандай жер тилкелери мыйзамдаштырылбай турганы айтылды.
Мунапыс төмөнкү учурларда берилбейт:
газ куурлары, жогорку чыңалуудагы электр линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдүн, мал көмүлгөн жерлердин, таштанды таштоочу жайлардын буфердик зонасында уруксатсыз курулуш жүргөн жер тилкелери;
социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик объектилерин курууга арналган жерлер;
калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери;
экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, алар боюнча сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар зонасына кирген жер участоктору, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилери бар жер участоктору, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери, маданият жана эс алуу парктары, ботаникалык парк;
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" жана "Суу фондунун жерлери" категорияларындагы, ошондой эле үрөн чарбаларынын, асыл тукум чарбаларынын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илим-изилдөө мекемелеринин жер тилкелери.
Жумушчу топтун жетекчиси болуп президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев бекитилген.
"Жерге мунапыс берүү маселеси айрым учурларда мыйзамдык карама-каршылыктарга жана айрым мамлекеттик органдардын шалаакылыгынан улам келип чыккандыктан, карапайым эл чиновниктердин босогосуна келип, убактысын жана нервин коротпоосу керек", — деди Жунушалиев.
Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга жана административдик ведомстволорго бир катар тиешелүү тапшырмалар берилген.