БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Республикада жол коопсуздугу боюнча жаңы эрежелер киргенден баштап жол кырсыгынын саны 12 пайызга кыскарды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Эске салсак, 2023-жылдын 8-мартынан тарта эреже сактабаган айдоочуларга жазаны катаалдаштыруу мыйзамына президент Садыр Жапаров кол коюп, күчүнө кирген.
"Жол эреже бузуулар боюнча мыйзамга кошумча өзгөртүүлөр кирген күндөн бери өткөн жылга салыштырмалуу өтө жогорку ылдамдык менен айдоо, карама каршы тилкеге чыгуу, машинаны айдоочулук күбөлүгү жок айдоо, жол чырагынын кызыл түсүнөн өтүп кетүү азайды. Жыйынтыгында Кыргызстанда 2023-жылдын 8-мартынан ушул күнгө чейинки көрсөткүч боюнча жол кырсыктарынын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу дээрлик 12 пайызга кыскарды", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ жолдо жүргөндөрдү эрежени так сактоого чакырды.