ЕЭК башчысы евразиялык кубаттуу компанияларды түзүүгө чакырды

Михаил Мясникович ЕАЭБдин өнүгүшүнүн негизги багыттарын атады.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Евразия экономикалык биримдигиндеги инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөгө жана евразиялык кубаттуу компанияларды түзүүгө чакырды. Бул тууралуу ал КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык экономикалык форумунда сүйлөгөнүн ЕЭК маалымат кызматы билдирди.

"Өз ара инвестициялоолор ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясына ири интеграциялык салым кошот. Негизги капиталдагы инвестициялардын көлөмү ИДПнын 17-18 пайызы, аны аз дегенде эки эсеге көтөрүү керек, ошол эле учурда мамлекет жеке ишкерликтин катарында активдүү инвестор боло алмак", — деп белгиледи Мясникович.

Ошондой эле ал Евразия экономикалык интеграциясынын натыйжалуу тараптарын санап өттү.
"2015-жылдан 2020-жылга чейин биримдиктин өз ара соода жүгүртүүсү 1,8 эсеге көбөйдү. Ошол эле учурда үчүнчү өлкөлөр менен соода кызматташтыктарында да оң тенденциялар байкалууда, ал 1,7 пайызга өскөн", — деди ЕЭК төрагасы.
Ал өнөр жай өндүрүштөрүнүн процесстеринин тездеши жана ЕАЭБдеги өнөр жай кластерлеринин түзүлүшү биримдиктин туруктуу өнүгүшүн шарттап жаткандыгын белгиледи.
Евразия интеграциясынын өнүгүүсүнүн келечектүү багыттарынын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо милдети да бар экендигине токтолду.
"Евразия "бештиги" 94 пайыз өзүнүн өндүрүшүнүн эсебинен ички рынокту камсыздоонун жогорку деңгээлине жетти", — деди ал.
Ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана БРИКС умдарынын конструктивдүү кызматташтыктарынын маанилүүлүгүн белгилеп, бул 24-25-майда Мосвкада өтө турган II Евразия экономикалык форумунун башкы темасы болорун билдирди.
Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 27 пайызга өстү