Чүй: эки баланы койдуруп кеткен учурдун видеосу. Айдоочу 6 күндөн соң кармалды

Жабырланган 11 жашар бала менен алты жашар кыз ооруканага жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында эки баланы сүзүп кеткен айдоочу из жашырып, бирок аны милиция алты күндөн кийин кармады.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан окуянын 8-март күнү саат 19:51 чамасында болгонун айтып беришти. Окуя аталган айылдагы Фрунзе менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жабырланган 11 жашар бала менен алты жашар кыз ооруканага жаткырылган. 14-мартта ВАЗ-21120 автоунаасынын 37 жаштагы айдоочусу кармалды.
Кочкордо эркек кишини коюп кетип из жашырган деп Howo айдоочусу кармалды