Тигүүчүлөр өкмөт башчынын орун басары менен жолугуп, көйгөйүн айта алат

Тигүүчүлүк менен алектенген ишкана жетекчилери жаралган көйгөйлөрдү маңдай-тескей отуруп бийлик өкүлүнө түз айтууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 22-мартта тигүү тармагында иштегендерге жолугуп, көйгөйлөрдү, чечилбей жаткан маселелерди талкуулайт.
Өкмөттүн маалымат кызматы тигүүчүлөр бул жолугушууга келип катышса болорун билдирди. Тагыраагы, жеңил өнөр жайчылар, тигүүчүлүк менен алектенген ишкана жетекчилери жаралган көйгөйлөрдү маңдай-тескей отуруп бийлик өкүлүнө түз айтууга мүмкүнчүлүк жаралат.
"Жолугушуунун максаты — тигүү тармагындагы жергиликтүү ишкерлерди колдоо, бул тармакты өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Ошондой эле ишкерлер өздөрүнүн негизги көйгөйлүү маселелерин билдирип, чечилбеген суроолорун мамлекеттик органдар менен талкуулоого мүмкүнчүлүк жаралат. Өткөрүлгөн жыйындын натыйжасында Кыргызстандагы тигүү тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү боюнча практикалык чечимдер иштелип чыгат", — деп айтылган маалыматта.
Өкмөт жетекчисинин орун басары жана тийиштүү мамлекеттик органдар келген бул жолугушуу 2023-жылдын 22-мартында саат 16:00дө Экономика жана коммерция министрлигинин кеңсесинде (Бишкек ш., Чүй проспекти, 106) болмокчу.
Жолугушууга кызыкдар болгон тараптар 0555 262 929; 0312 62-05-35 (кош. 276; 132, Елдос Сагымбаев) телефон номерлери аркылуу байланышып, маалымат ала аларын кошумчалашты.
Радио
Асанов: ЕАЭБ — кыргыз жеңил өнөр жайынын эң негизги стратегиялык рыногу