Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Атайын операцияда "Тайфун-ВДВ" кантип иштегенин көрсөтүштү. Видео

Маалыматта "Тайфун-ВДВ" куралынын кармаш талаасындагы видеосу туңгуч ирет жарыяланганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. РФтин Коргоо министрлиги көп буталуу сооттолгон "Тайфун-ВДВ" техникасын россиялык десантчылар атайын операция учурунда колдонгон видеосун көрсөттү.
Аны Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
"Десантчылардын чалгын тобу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн взводдук таяныч жайын пилотсуз учуучу аппараттын жардамы менен аныктаган. Андан соң аскерлер ага сокку урду", — деп айтылган маалыматта.
Аталган жайды алуу үчүн Ульяновск десантчыларынын камалоочу отряды көп буталуу, сооттолгон "Тайфун-ВДВ" менен жакындаган. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн позициясына жакындаганда десантчылар 30 миллиметрлик автоматтык пушкалар менен каршылаштардын ок чыгарган жерлерин "баскан". Анын артынан сооттолгон техникадан камалоочу отряд чыгып, бутага алынгандарды жок кылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргонуу министрлиги "Мста-С" кантип иштеп жатканын көрсөттү. Видео