Министрлер кабинети курулуш компаниялары үйлөрдү өзүнүн акчасына же кредиттик ресурстардын эсебинен салышы керек деп жатат. Бирок банк курулуш компанияга 20-30 миллиондой доллар бере албайт. Эгерде чектөө киргизилсе курулуш сектору токтоп калат. Бул тууралуу Чолпонбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алдыңкы эки жылда кыймылсыз мүлк рыногунда "дүр" эткен өсүш болушу ыктымал.
"Өлкөнүн демографиялык өсүү темпин эске алганда курулуштун көлөмү талапка жооп бербейт. 80-жылдарга салыштырмалуу учурда калктын санында абдан чоң айырмачылык бар. Азыр жаш үй-бүлөлөр да көбөйүп, батир сатып алуучулардын саны арбыды. Буга байланыштуу алдыңкы эки жылда кыймылсыз мүлк рыногунда "бум" болушу ыктымал. Бирок учурда мыйзамдык өзгөрүүлөр сунушталууда. Министрлер кабинети курулуш компаниялары үйлөрдү өзүнүн акчасына же кредиттик ресурстардын эсебинен салышы керек деп жатат. Бирок банк курулуш компанияга 20-30 миллиондой доллар бере албайт. Эгерде мыйзам кабыл алынса курулуш сектору токтоп калат. Себеби турак жай курган компаниялардын мынча каражаты жок", — деди Акматов.
Ошондой эле адис курулуш сектору ири киреше алып келчү бизнес эместигин кошумчалады.