18-мартка карата аба ырайы

18-мартка караган түнү жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Чүй, Талас облустарында үшүк жүрүп, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. 18-март ишембиде айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас жана Нарын аймактарында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +6...+8, Ош шаарында +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
Жазгы үшүк эмнеси менен кооптуу? Сактануу жолдору