Сүйлөшүп жүргөн жигиттен тиран күйөө чыгарын кантип билсе болот? Адистин жообу

Психологдун айтымында, тиран эркектер аялды таарынтып алган учурда аны кооз, кымбат баалуу белек менен "сатып алганга" аракет кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Мамиле жаңы башталып же толук кандуу кыз-жигит болуп жүргөн кезде эркектен келечекте тиран күйөө чыгарын кантип баамдаса болот? Бул суроого РИА Новости агенттигине берген маегинде психолог Екатерина Сиванова жооп берди.
Адис төмөнкү белгилерге көңүл бурууну сунуштайт:
эч качан күнөөсүн мойнуна албайт, анын алдында ар дайым аял киши күнөөлүү;
кызга таарынган учурда "мендей эркекке эч качан жолукпайсың", "сени мендей эч ким сүйбөйт" деген сөздөр көп чыгышы мүмкүн;
болор-болбос нерсе үчүн өзүнөн чыгып, кекетип-мокотконго чейин барат;
уруш-талаш же таарынычтан кийин эч нерсе болбогондой жылуу сүйлөп, кечирим сурабай туруп эле кыздын көңүлүн жибитип алууга болгон аракетин кылат;
көпчүлүгү таарынып калган кызды кооз, кымбат баалуу белек менен "сатып алгысы" келет.
Адис мындай адаттары бар эркектерден сак болууга чакырат.
Эмне үчүн атасыз өскөн баланын карьерасы ойдогудай болбой калышы мүмкүн