Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Politico: АКШнын маалыматы боюнча Киев 100 миң жоокерин жоготту

Буга чейин Times гезити Украинанын медиктери болуп көрбөгөндөй масштабда аскерлерди жоготуп жатканын, мындай көрүнүшкө НАТО да туш болбогонун жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Украинада жаңжал учурунда 100 миңден ашык украиналык аскер курман болду. Бул тууралуу Politico гезити америкалык аткаминерлерге таянып жазганын РИА Новости кабарлады.
"100 миңден ашык украиналык аскер каза тапты (бир жыл аралыгындагы куралдуу кагылышта). Алардын арасында өтө тажрыйбалуу жоокерлер дагы бар", — деп жазды басылма.
Анын маалыматына караганда, "жоготуулардын көбү Бахмутта болуп жатат" (ДЭРдеги Артемовскинин украинче аталышы).
Буга чейин Times гезити Украинанын медиктери болуп көрбөгөндөй масштабда аскерлерди жоготуп жатканын, мындай көрүнүшкө НАТО да туш болбогонун жазган. Ошондой эле Батыш Украинанын жоокерлери фронттун бардык линияларында жоготууга учурап жатканын моюндаганы да белгиленген.
Өткөн жылдын ноябрь айында Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен бүгүнкү эсептер боюнча 100 миң жоокер набыт болгонун айткан. Бирок кийинчерээк каза болгондордун саны жазылган абзац алып салынып, видеокайрылуусу өчүртүлгөн. Еврокомиссиянын расмий өкүлү Дана Спинат соцтармактагы баракчасы аркылуу фон дер Ляйендин билдирүүсүндөгү маалыматтар так эмес экенин, ал "тышкы маалымат булагынан" алынганын айтып түшүндүргөн. Көрсөтүлгөн санга каза болгондор менен жаракат алгандар кире турганын белгилеген.
Владимир Зеленскийдин маалымат катчысы Сергей Никифоров ЕК башчысы Украинадагы аскердик жоготуулар боюнча маалыматты айтпай эле койсо туура болмок деген пикирин билдирген. Ал мындай маалыматты бир гана Зеленский өзү же коргонуу министри Алексей Резников кабарлашы керектигин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Солнцепёктун" аткан жана мээлеген жерге тийген видеосу жарыяланды