БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Түрк мамлекеттери уюмунун кезексиз саммитинин жыйынтыгы менен үч документке кол коюлду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Акордага шилтеме кылып кабарлады.
Кол коюлган документтер:
1.
ТМУнун кезексиз саммитинин Анкара декларациясы;2.
ТМУнун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө чечими;3.
Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу.Өлкө башчы Садыр Жапаров саммиттин темасына ("Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана гуманитардык жардам") токтолуп жатып, Түркиядагы катуу зилзалага байланыштуу кризистик кырдаалдарды жамааттык алдын алуу жана болжолдоо механизмин түзүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи. Ал Анкаранын мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар министрликтери аркылуу түрк мамлекеттеринин жарандык коргонуу механизмин түзүү демилгесин колдой турганын айткан.