Радио

Бишкекте таштандыны ылгабагандарга чара көрүүнүн зарылдыгы айтылды

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын техникалык өндүрүш башкармалыгынын башчысы Адил Назаров борбор калаадагы таштанды көйгөйү шаар башчысын сынай турган тармак болуп калганын белгиледи.
Sputnik
Таштандыны ылгабагандарга чара көрүү механизмдерин күчөтүү зарыл. Маселеге жоопкерчиликсиз мамиле жасалууда. Бул тууралуу Адил Назаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда тургундар тыюу салынган таштандыны дагы челекке таштай беришет.
"Өлкөдө таштанды көйгөйү алдыңкы катарга чыкты. Маселен, муну чечүү үчүн Өзбекстанда стратегия иштелип чыгып, жабык таштанды аянттарын уюштурган. Бизде таштандыны иргөө жолго салынган эмес. Полигонго эмне гана ыргытылган жок. Алардын көбү — тыюу салынган таштандылар. Ал эми шаар тургундары таштандыны ылгагысы келбейт. Ошондуктан бул багытта чара көрүүнү күчөтүү зарыл. Бизде туура эмес жерге таштанды ыргытканы үчүн айып каралган, бирок бул элдин жоопкерчилигин күчөтпөй жатат. Ошондуктан тургундарды окутуп, бир жагынан стимулдаштырып, экинчи жагынан чара көрүү менен иш алып баруу зарыл", — деди Назаров.
Ошондой эле ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде таштанды маселесин түшүнгөн адистер жок болуп жатканын кошумчалады.