Асад: Сирия РФтин аймактар менен бириккенден кийинки жаңы чектерин тааныйт

Мамлекеттин башчысы Сирия бул аймактарды РФке кире электе эле тааныгандыгын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Дамаск жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье кошулгандан кийинки Россиянын жаңы чектерин тааныйт. Бул туурасында Сирия лидери Башар Асад РИА Новостиге маек берип жатканда айтты.
РИА Новости дүйнөдөгү ЖМКлардын ичинен биринчилерден болуп Башар Асад менен маектешкен. Интервью Кремлдеги үч сааттай убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин алынган.
Президенттер Россия — Сириянын саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык тармактагы байланыштарын мындан ары өнүктүрүүнү, андан сырткары, Сириядагы жана анын тегерегиндеги кырдаалды комплекстүү түрдө жөнгө салуунун келечегин талкуулашкан.
"Албетте, бул россиялык аймактар деп айтмакчымын. Ал тургай согуш болбогон күндө да булар Россиянын тарыхый аймактары", — деген Асад Дамаск РФтин жаңы чектерин тааныйбы деген суроосуна.
Президент Сирия аталган облустар менен республикаларды РФке кошула электе эле тааныгандыгын эске салды.
"Бул башынан эле белгилүү болуп келе жаткан маселе. Биз өзүбүздүн позициябызда олку-солку болбойбуз. Сириянын позициясы так жана ошол эле убакта чечкиндүү", — деп белгилеген Асад.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кошулган аймактардын башка өлкөлөр менен чеги РФтин чек арасы болуп саналат